7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстанга Татарстандын премьер-министринин орун басары келди

293

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргызстанга жумушчу сапары менен келген Россия Федерациясынын Татарстан Республикасынын премьер-министринин орун басары Василь Шайхразиев менен жолукту.

Маектешүүнүн жүрүшүндө Байсалов мейманды жылуу тосуп алып, кыргыз-татарстандык байланыштардын активдүү өнүгүп жатканын белгиледи. Ал татарстандык тарапты Татарстан Республикасынын Раисин жакында ийгиликтүү өткөрүлүшү менен куттуктап, Рустам Миннихановдун түрк дүйнөсүнүн аксакалы катары жогорку ролун, ошондой эле анын глобалдык исламдык умманын жашоосуна активдүү катышуусун белгиледи. 

Тараптар соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык тармактарда кызматташууну кеңейтүү келечегин талкуулашты, ошондой эле Кыргызстан менен Татарстандын ортосундагы салттуу боордоштук мамилелерди мындан ары да чыңдоого умтуларын ырасташты.

294