7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Манас шаарында саркынды сууларды тазалоочу жай пайдаланууга берилди

287

Бүгүн, 30-октябрда Манас шаарында №2 саркынды сууларды тазалоочу жаңы комплекс ишке киргизилди. Иш-чарага УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев катышып, объекттин иштөө шарттары жана мүмкүнчүлүктөрү менен таанышты.

Маалым болгондой, жаңы тазалоочу жайдын курулушу 2024-жылдын апрель айында башталган. Объект суткасына 20 миң куб метр саркынды сууну тазалоого ылайыкташтырылып, Манас шаарын толугу менен камсыз кылат.

Долбоор Европа Өнүктүрүү жана Реконструкциялоо Банкы тарабынан каржыланып, тендердик баасы 5 миллион 489 миң еврону түзөт. Учурда курулуш иштери 95 пайызга жакын аяктап, жыл аягына чейин толук пайдаланууга берилиши күтүлүүдө.

Иш сапардын жүрүшүндө Камчыбек Ташиев Манас суу канал башкармалыгында эмгектенген кызматкерлер менен да жолугуп, алардын айлык маянасы тууралуу сурап, тиешелүү жетекчилерге келерки жылы эмгек акыны көтөрүү боюнча тапшырма берди.

288