7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Манас шаарында “Ариет” балдардын чыгармачылык борборунун жаңы имараты ачылды

12

Бүгүн, 30-октябрда Манас шаарында “Ариет” балдардын чыгармачылык борборунун жаңы имаратынын ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чарага УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев катышып, жаш муундардын өнүгүүсүнө арналган жаңы борбордун иштөөсү менен таанышты.

Үч кабаттуу заманбап имарат бардык коопсуздук жана сапаттык талаптарга ылайык курулуп, балдардын чыгармачылык жана интеллектуалдык өнүгүүсүнө кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.

Борбордо сүрөт, кол өнөрчүлүк, хореография, музыка жана башка үйрөтүүчү 25 ийрим иштейт. Жалпы 200 орунга ылайыкташкан борбордо балдар мектептен кийинки убакта кошумча сабактарга жана чыгармачылык ийримдерге катыша алышат.

Курулуш иштери 2025-жылдын февраль айында башталып, 30-октябрда толук аяктап, пайдаланууга берилди. Учурда борбордо 1 300 окуучу билим алып жатса, жакынкы мезгилде дагы 500 бала кабыл алынаары белгиленди.

13