7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда КМШ өлкөлөрүнүн чек ара башчылар кеңешинин 91-жыйыны өтүүдө

9

Бүгүн, 30-октябрь, Манас шаарында Көзкарандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин чек ара аскерлеринин кол башчыларынын кеңешинин 91-жыйыны өз ишин баштады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жыйынды УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев ачып берди. Кеңешке Россия Федерациясынын Коопсуздук кызматынын башчысынын биринчи орун басары — Чек ара кызматынын жетекчиси, генерал Владимир Кулишов төрагалык кылууда.

Иш-чарага Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Беларусь жана Россия Федерациясынын чек ара ведомстволорунун жетекчилери жана өкүлдөрү, ошондой эле КМШ, ЖККУ, ШКУ сыяктуу эл аралык коопсуздук уюмдарынын кызматташкан түзүмдөрүнүн өкүлдөрү катышууда.

Жыйындын күн тартибинде КМШ аймагындагы тышкы чек аралардын учурдагы абалы, коопсуздук коркунучтарынын жаңы тенденциялары жана аларга каршы туруунун ыкмалары талкууланууда. Ошондой эле чек ара кызматтарынын өз ара аракеттенүүсүн өркүндөтүү, маалымат алмашууну күчөтүү, терроризмге, баңгизат трафигине жана кибер коркунучтарга каршы күрөшүүдө бирдиктүү позиция иштеп чыгуу маселелери каралууда.

Жыйындын мааниси — КМШ мейкиндигиндеги мамлекеттердин чегиндеги туруктуулукту, өз ара ишенимди жана чогуу коргонуу механизмдерин бекемдөөгө багытталган стратегиялык чечимдерди кабыл алуу болуп саналат.

Бул жыйын — региондук коопсуздукту сактоо, тынчтыкты жана стабилдүүлүктү бекемдөөдө Кыргызстан борбордук аянтчага айланып баратканын дагы бир жолу тастыктап турат.

10