7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мэр: Биз долбоорду мүмкүн болушунча ыкчам жана сапаттуу бүтүрүүгө аракет кылуудабыз

274

Кыргызстанда алгачкы жолу ири масштабдагы инфраструктуралык долбоор ишке ашып жатат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Old Bishkek комплексинде жер алдындагы өтмөк, унаа токтотуучу жай жана соода түйүндөрү камтылган.

«Бүгүн биз Old Bishkek объектисинде турабыз. Акыркы 30 жыл ичинде мындай ири долбоор ишке ашкан эмес. Буга чейин жер алдындагы өтмөк да курулган эмес. Бул жолу биз бир эле өтмөк эмес, анын кошумча бөлүктөрү — унаа токтотуучу жай жана соода түйүндөрү менен кошо комплекс куруп жатабыз. Үстүбүздөгү жылдын 28-майында бул долбоордун капсуласын салганбыз. Ошол кезде ар түрдүү пикирлер айтылып, кээ бирлери “бул объект 10 жылда бүтөт” дешкен. Бирок бүгүн, 31-октябрда алгачкы жыйынтыктар байкала баштады. Азыркы тапта асфальт төшөөгө даярдык иштери жүрүп жатат. Биз долбоорду мүмкүн болушунча ыкчам жана сапаттуу бүтүрүүгө аракет кылуудабыз”, — деди ал.

275