Бишкекте 3-ноябрдан тарта жылуулук бериле баштайт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, объектилерди жылытуу системасына кошуу бир нече этап менен жүргүзүлөт. 

Биринчи кезекте жылуулук мектеп, бала бакча, медициналык мекемелер, төрөт үйлөрү жана социалдык коргоо уюмдарына, андан кийин көп кабаттуу турак үйлөр жана жеке секторлорго берилет.