7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Адылбек Касымалиев: Маданият – улуттун абийири, мамлекеттин руханий байлыгы

8

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев маданият тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Куттуктоонун тексти:

“Урматтуу маданият кызматкерлери, өнөр ээлери жана чыгармачыл жамааттар!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Маданият кызматкерлеринин күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Бул күн — элибиздин руханий дөөлөтүн сактап, өнүктүрүп, улуттук мурасты келечек муунга жеткирүүдө эмгектенген ар бир маданият кызматкеринин мээнетин, талантын баалоо күнү.

Маданият – бул элдин жүзү, улуттун абийири, мамлекеттин руханий байлыгы. Ар бир элдин өнүгүү деңгээли анын маданий турмушу менен аныкталат. Ошол коомдун руханий дөөлөтүн байытуу, элдин биримдигин жана улуттук өзгөчөлүгүн сактоодо сиздердин эмгек жана талант чоң роль ойнойт.

Акыркы эки-үч жыл ичинде мамлекет тарабынан маданият тармагына өзгөчө көңүл бурулуп, тийиштүү каражаттар бөлүнүп жатат. Жалпы маданият чөйрөсүнүн инфратүзүмүн жакшыртуу боюнча олуттуу аракеттер жүрүп, көптөгөн маданий мекемелер оңдоп-түзөөдөн өтүп, театр оюн-зоок мекемелеринин коюмдары, чыгармачылык гастролдорун каржылоо толугу менен камкордукка алынды. Музыкалык аспаптар сатып алынып, бардык мекемелелер аспаптар менен камсыз боло баштады. Натыйжада улуттук искусствонун мыкты чыгармалары жаралып, жалпы элге тартууланды. Чыгармачылык союздар туруктуу негизде каржылык колдоого алынып, китепкана, музей, маданият үйлөрү тиешелүү жабдуулар менен камсыздууда.

Материалдык базанын чыңдалышы биздин таланттарга кошумча дем берип, 2025-жылы кыргыз маданияты дүйнөлүк аренада арымын арбытып, эл аралык фестивалдарда жана конкурстарда кыргыз өнөрпоздору байгелүү орундарды ээлеп, өлкөнүн чыгармачылык дараметин далилдешти.

Сиздердин аракетиңиздер менен театрлардын чырагы өчпөй, музейлерибизде эл байлыгы сакталып, китепканаларда билимдин булагы уланып, элдик ыр-күүлөр, салт-санаа жана улуттук каада-жөрөлгөлөр жашап келет.

Сиздерге бекем ден соолук, чыгармачылык дем, үй-бүлөлүк бакубат жашоо жана албан-албан ийгиликтерди каалайм!”.

9