7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бүгүн Бишкекте жылуулук бериле баштайт

244

Бүгүн, 3-ноябрдан тарта Бишкек шаарында жылытуу мезгили башталат. Бул тууралуу калаа мэриясы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн кечинде Бишкек жылуулук электр борборунун кызматкерлери жылуулук өндүрүү жана аны андан ары «Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасына берүү процессин баштайт.

«Бардык колдонулуп жаткан жабдуулар күчөтүлгөн режимде иштеп, техникалык кызматкерлер коюлган параметрлерди камсыздоого толук даяр.

Ишканалардын техникалык кызматкерлери мүмкүн болуучу кайрылууларга жана өзгөчө кырдаалдарга ыкчам жооп кайтаруу максатында күчөтүлгөн иш режимине өтүштү», — делет маалыматта.

Белгилей кетсек, объектилерди жылытуу системасына кошуу бир нече этап менен жүргүзүлөт:

Биринчи кезекте — социалдык объектилер: мектептер, бала бакчалар, медициналык мекемелер, төрөт үйлөрү жана социалдык коргоо уюмдары;

Экинчи кезекте — көп кабаттуу турак үйлөр жана жеке сектор.

245