7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Көз микрохирургиясы» госпиталынын директору коррупцияга шектелип кармалды

35

«Көз микрохирургиясы» госпиталынын директору Алмазбек Исманкулов коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ал медициналык жабдууларды мыйзамсыз ээлеп алган.

Белгилей кетсек, 1997-жылы Кыргыз улуттук университетинде «КМУУнун Медициналык борбору “ИнтерГоспиталь» ЖЧКсы түзүлүп, анын директору болуп Исманкулов дайындалган.

Бир жылдан кийин “Медисон Ко. ЛТД” кореялык компаниясы менен Алмазбек Исманкуловдун ортосунда өлкөгө медициналык жабдууларды жеткирүү келишими түзүлгөн. Кийинчерээк коррупциялык схема боюнча “ИнтерГоспиталдын” негиздөөчүлөрүнүн жасалма жыйыны аркылуу университеттин мамлекеттик үлүшү жеке менчикке чыгарылганы айтылды.

1999–2000-жылдары өлкөгө 9 млн доллардан ашык каражатка медициналык жабдуулар келген. Бирок Исманкуловдун схемасы боюнча КМУУнун, Саламаттык сактоо, Билим берүү министрликтеринин жана башка ведомстволордун айрым кызмат адамдарынын көмөгү менен жабдуулар мыйзамсыз бөлүштүрүлүп, Исманкуловго таандык менчик медклиникага өткөрүлгөн. Жабдууларды сатып алууга алынган кредит азыркыга чейин төлөнө элек жана аны төлөө милдети соттун чечими менен мамлекетке жүктөлгөн. 2025-жылга карата карыздын суммасы 31 миллион долларды түзөт», — деп айтылат маалыматта.

Биринчи май райондук соту Исманкуловду камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасын тандады. Учурда фактыга тиешеси бар башка адамдар аныкталууда.

36