7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Манас шаарында унаа токтотуучу жайы жок коммерциялык объектилер жабылат

177

Манас шаарында унаа токтотуучу жайы жок коммерциялык объектилер жабылат. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Шаардын негизги көчөлөрүндөгү унаа токтотуучу жайы жок бардык коммерциялык объектилер; кафе, ресторан, дүкөн, дарыкана, ашкана, чачтарач, супермаркет, тез татым жайлары жана башка калкка кызмат көрсөткөн жайлардын ишмердүүлүгү токтотулат», -делет маалыматта.

Бул боюнча мэрдин орун басары Уларбек Исмаилов күн мурун ишкерлер менен жыйын өткөрүп, аларга унаа токтотуучу жайларды уюштуруу талабын койду.

Белгилей кетсек, жогорудагы иш-аракеттер мэр Эрнисбек Ормоковдун буйругуна ылайык шаардагы унаа тыгындарынын алдын алуу жана жоюу максатында жасалып жатканы айтылды.

178