7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

10-ноябрдан тарта шаар четиндеги поезддер жаңы график боюнча жүрөт

25

10-ноябрдан тарта Бишкекке каттаган поезддер жаңы график менен жүрөт. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” ишканасынан билдиришти.

Мында борбордогу транспорттук тыгынды жана жакын жайгашкан калктуу конуштардын муктаждыктарын талдоонун негизинде жаңы график иштелип чыкты.

Күн сайын Бишкекке жумушка же окууга каттаган жүргүнчүлөр жумуш убактысы башталганга чейин өз убагында жетип, кечки саат 18:00дөн кийин үйлөрүнө кетиши үчүн таңкы жана кечки графикке өзгөчө көңүл бурулду.

  • Бишкек – Кайыңды – Бишкек каттамы

Поезд Эркиндик бульвары, 1а дарегинде жайгашкан Бишкек-2 темир жол бекетинен саат 18:40та жөнөп, Кайыңды бекетине саат 20:57де жетет. Ал эми Кайыңдыдан саат 06:00дө чыгып, Бишкек-2 бекетине саат 8:20да келет. Жол жүрүү убактысы: 2 саат 20 мүнөттү түзөт, 14 токтоочу пункт бар.

  • Бишкек – Токмок – Бишкек каттамы

Поезд Лев Толстой көчөсү, 65б дарегинде жайгашкан Бишкек-1 темир жол бекетинен саат 18:22де, ал эми Бишкек-2 бекетинен 18:35те чыгып, Токмок бекетине саат 20:28де жетет. Ал эми Токмоктон саат 06:30да чыгып, Бишкек-1ге саат 08:35те келет. Жолдогу убактысы: 2 саат 10 мүнөт, 13 токтоочу пункт бар.

 

26