Бүгүн Бишкек — Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда кар жаап жатат. Бул тууралуу Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын 5-взводунун командири Улан Алымбеков билдирди.
Бишкек- Ош жолунун 124- чакырымында аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып, жолдо тыгын пайда болгондо каршы тилкеге чыкпай, аралыкты кеминде 500 метр сактагыла, — деп кайрылды Алымбеков .
Белгиленгендей, оор жүк ташуучу автоунаалар “Сосновка” жана “Арал” текшерүү пункттарынан текшерилип, дөңгөлөгү кышкыга алмаштырылбаган автоунаалар кое берилбейт.
Эске салсак, аба ырайына байланыштуу оор жүк ташуучу автоунааларга киргизилген убактылуу чектөө күчүндө.



