Президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-ноябрда Египет Араб Республикасынын президенти Абдель Фаттах Ас-Сисинин чакыруусу боюнча Египетке расмий сапары менен барды.
Мамлекет башчысынын учагы Каир шаарынын «Каир» эл аралык аэропортуна конду.
Президент Садыр Жапаровду Египет Араб Республикасынын жогорку билим берүү жана илимий изилдөө министри Мохамед Айман Ашур жана башка расмий адамдар тосуп алышты.
Аэропортто Кыргызстандын жана Египет өлкөсүнүн мамлекеттик туулары илинип, килем төшөлүп, ардактуу кароол ротасы тизилген.
Расмий сапардын алкагында Садыр Жапаров менен Абдель Фаттах Ас-Сисинин ортосунда эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр пландаштырылууда, ошондой эле эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги маселелер боюнча пикир алмашуу болот.
Экономика, айыл чарба, инвестиция, энергетика, саламаттык сактоо жана башка багыттар боюнча бир катар эки жактуу документтерге кол коюу каралган, алар кыргыз-мисир мамилелеринин мындан ары өнүгүшүнө негиз түзөт.



