Шаршембиде республиканын тоолуу райондорунда кар жаап, үшүк жүрөт. Жолдор тоңуп, тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Нарын өрөөндөрүндө -1…+4, Талас облусунда -2…+3, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 1…6, Ысык-Көлдө -1…+4 градусту көрсөтөт.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте -1…+1, Ош шаарында 3…5 градус болот.
Айлана аппак карга бөлөндү. Кутман таң, окурманым!



