7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өмүр бою ыразымын… Садыр Жапаров жалгыз бой атага батир белек кылды (ВИДЕО)

29

Президент Садыр Жапаров жалгыз бой атага 1 бөлмөлүү батир белек кылды. Бул тууралуу коомдук ишмер Ассоль Молдокматова социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Маалым болгондой, жалгыз бой ата Камчыбек Сатылганов эки уулун тарбиялап келет, анын бири ДЦП менен жабыркайт.

«Рахмат, урматтуу Садыр Нуркожоевич! Мен такыр күткөн эмесмин. Сизге кааларым чың ден соолук, узун өмүр, ишиңизге ийгилик! Элдерге жардам берип жатканыңыздарга рахмат. Өмүр бою ыраазымын», — дейт президентке ыраазы болгон Сатылганов.

Белгилей кетсек, Камчыбек Сатылганов эки уулу менен батирге декабрь ичи көчүп барат. Батирден сырткары, элдин колдоосу менен 583 миң кошумча каражат топтолгон.

Ассоль Молдокматованын айтымында, каармандын жубайы эки баласы менен таштап кеткен. Жалгыз бой атанын ден соолугунда дагы чоң көйгөй пайда болуп, оор абалда жашаган.

«Мен аны азык-түлүк сатып алууга мүмкүнчүлүгү жок кезде дүкөндөн көрүп калдым. Азык-түлүк, кийим-кече алып, үйүнө барып бир ай ичинде жашоосу орду-түбү менен өзгөрө турган ондогон иш-аракеттерди жасадым», — дейт өз сөзүндө ишкер айым.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

30