7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кара-Көл шаарында 32 жаңы батирдин ачкычы тапшырылды 

12

Бүгүн, 5- ноябрда Кара-Көл шаарында 32 жаңы батирлүү үй пайдаланууга берилди. Бул тууралуу аталган шаардын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган үй Мамасалы Сабиров атындагы көчөдө жайгашып, 4 кабаттан, 32 батирден турат. Үйдүн курулушуна жергиликтүү бюджеттен 50 миллион сом каражат сарпталды.

Эске салсак, 2024-жылдын 13-августунда М. Сабиров көчөсүндөгү №85 жыгач тибиндеги 16 батирден турган эки кабаттуу үй толугу менен күйүп кеткен. Дал ошол үй-жайсыз калган 15 жабырлануучуга дагы батир берилген.

Андан сырткары, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жана турак жайга муктаж тургундарга жаңы үйдүн ачкычы тапшырылды.

13