7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Кыргызкөмүргө» калкка көмүр ташууну күчөтүү тапшырмасы берилди

217

Энергетика министри Таалайбек Ибраев «Кыргызкөмүр» ААКка көмүр ташууну күчөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу ал ишкананын «Балыкчы» филиалына барган учурда айтты.

Маалым болгондой анда министр базадагы көмүрдүн көлөмү, ЖЭБге убагында жеткирүү иштери менен жеринде таанышты.

Ибраев «Балыкчы» филиалына калкка кесек көмүрдү арзан баада сатуу үчүн уюштурулган отун базаларына үзгүлтүксүз көмүр жеткирүүнү камсыздоону тапшырды.

Ошондой эле күз-кыш мезгилинде көмүр тартыштыгын болтурбоо максатында айдоочуларга кошумча штат ачып, күнү-түнү кезектешип, калкка көмүр ташуу иштерин күчөтүүнү милдеттендирди.

2025-жылдын башынан бүгүнкү күнүнө чейин «Кыргызкөмүр» ААК 770 614 миң тонна көмүр казып, 7,75 млн метр куб кыртыш ачуу иштерин жүргүздү.

Натыйжада 429 855,6 тонна, ал эми ЖЭБге 475 759,3 тонна көмүр жеткирилди.

Казылган көмүрдүн жалпы көлөмү 905 614,9 тоннаны түздү.

«Кыргызкөмүр» ААК күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өткөрүү үчүн калкты өз убагында арзан баадагы көмүр менен камсыз кылуу максатында облустарда жайгашкан 129 отун базалары менен келишим түзгөн. Учурда тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

218