Президент Садыр Жапаров Мисир Араб Республикасына болгон расмий сапарынын маданий программасынын алкагында Гиза аймагындагы атактуу пирамидалар комплексин жана Чоң Мисир музейин көрүп келди.
Мамлекет башчысына Мисирдин эң байыркы цивилизациясынын жана маданий мурасынын символу болгон пирамидалардын тарыхы тууралуу айтып беришти.
Андан соң Президент Мисирдин Президенти тарабынан 2025-жылдын 1-ноябрында салтанаттуу түрдө ачылган Чоң Мисир музейине барды.
Музей байыркы Мисир артефакттарынын коллекциясы чогултулган дүйнөдөгү эң ири археологиялык музей болуп саналат.
Мамлекет башчысы уникалдуу экспонаттар менен таанышып, музейдин дүйнөлүк маданий мурасты сактоодогу маанисин белгиледи.
Соңунда Президент Садыр Жапаров музейдин ардактуу коноктор китебине жазуу калтырып, мисир тарапка жылуу кабыл алуу жана улуу цивилизациянын тарыхы менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк бергендиги үчүн ыраазычылык билдирди.




