Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы бир катар айылдар таза суу менен камсыз болот. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирет.
Малыматка ылайык, Каныш-Кыя айыл аймагынын Жаңы-Базар, Курулуш, Ак-Таш айылдарына жалпы узундугу 9800 метр суу түтүгү тартылып, 1058 кожолук таза суу менен камсыз болот. Долбоордун жалпы сметалык баасы 146.700 млн сомду түзөт.
Белгилей кетсек, 2025-жылга карата министрликке III Элдик Курултайдын делегаттарынан келип түшкөн суроо-талаптардын негизинде жалпы 410 пункттан турган иш-чаралар планы бекитилген. Анын ичинен 50 иш-чара (12%) аткарылган, 360 иш-чара (88%) аткарылууда, аткарылбай калган иш-чара жок.
Кайрылуулардын басымдуу бөлүгү ирригация (60%) жана таза суу маселелерине (23%) тиешелүү. Стратегиялык маанидеги маселелер учурда аткарылууда.
Белгилей кетсек, таза суу маселеси 2024-жылы өткөн III Элдик Курултайда Чаткал районунан келген делегаттар тарабынан көтөрүлгөн.



