7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Осмонов: «Зомбулук тууралуу унчукпай коюу ага жол берген менен барабар»

369

Үй-бүлөлүк зомбулукту жашыруу туура эмес, анткени бул уяттын эмес, укуктун маселеси. Бул тууралуу Бексултан Осмонов Спутник Кыргызстан радиосуна билдиргенин аталган маалымат агенттиги жазды.

AG Legal юридикалык фирмасынын башчысы, жактоочу Бексултан Осмонов зомбулукту «үй ичинде болуп жатат» деген шылтоо актоого болбой турганын билдирди.

Анын айтымында, үй-бүлөлүк зомбулукка үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири экинчисине физикалык, психологиялык, экономикалык басым көрсөтүүсү кирет. Буга үйдүн ичинде болуп жатат деген себеп менен акталбашы керек. Эгер зомбулукка кабылып жатсаңыз унчукпай отурбаңыз, дароо арыз жазыңыз же жардам сураңыз.

Жабырлануучу адамдын укугу мамлекет тарабынан толук корголот. Укуктук жардам, психологиялык колдоо жана убактылуу баш калкалоочу жай берилет», — деди Осмонов.

370