7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Парламенттик шайлоо: Казакстанда кошумча шайлоо участоктору ачылды

2

Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу үчүн чет өлкөлөрдө 34 өлкөдө жүзгө жакын шайлоо участоктору түзүлдү. Бул тууралуу  Казинформ агенттиги жазды.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Алматы, Тараз жана Шымкент шаарларында кошумча үч шайлоо участогун түзүү жөнүндө токтом кабыл алды.

Буга чейин Астанада, Алматыда, Атырауда жана Карагандада шайлоо участоктору ачылганы кабарланган.

Эскерте кетсек, Кыргызстандагы Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрында, жекшемби күнү өткөрүлөт.

Талапкерлерди каттоо 9-ноябрга чейин уланат. Үгүт иштери 10-ноябрда башталат.

 

3