7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Энергетика министрлиги: “Чексиз тарифин” кабыл алган 3 кызматкерге чара көрүлдү

23

Энергетика министрлигинин электр энергиясынын «чексиз тарифти» сунуштоо маселесине байланыштуу расмий түшүндүрмө берди.

Ведомствонун маалыматына ылайык, күз-кыш мезгилинде электр энергиясын керектөөнү өзгөртпөстөн колдонууга чакырык жасоо демилгеси «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ачык акционердик коому тарабынан министрлик менен алдын ала макулдашылбастан көтөрүлгөн. Бул маселе коомчулукта кеңири талкуу жараткан.

Президент Садыр Жапаров мындай сунуштар электр энергиясынын тартыштыгы шартында кабыл алынбашы керектигин белгилеп, бул багыттагы ишти токтотууну жана жарандар үчүн электр энергиясынын адилеттүү жана бирдей жеткиликтүүлүгүн камсыздоону тапшырган.

Энергетика министрлиги «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын жетекчилигине карата тиешелүү чара көрүү боюнча катты компаниянын директорлор кеңешине жолдогон.

Күн мурун»Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКтын директорлор кеңеши Энергетика министрлигинин 2025-жылдын 4-ноябрындагы №08-4/9640 катын карап чыгып, «КУЭТ» ААКтын башкы дирекциясынын төмөнкү мүчөлөрүнө тартиптик чара көрүү боюнча буйрук чыгарды:

  1. «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын башкы директору И.Сыдыгалиевге «сөгүш» берилди;
  2. «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын башкы директорунун коммерциялык иштер боюнча орун басары Уларбекке Дүйшө уулу «сөгүш» берилди;
  3. «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын электр энергиясын сатуу башкармалыгынын башчысы И.Орозбаев кызмат ордунан бошотулду;
  4. Электр энергиясынын тартыштыгын жана коомдук нааразычылыкты эске алуу менен «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКка калкка үзгүлтүксүз электр энергиясын берүү тапшырылды.
24