Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Марат Иманкулов Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата куттуктады.
“Урматтуу кыргызстандыктар!
7–8-ноябрь – Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү – биздин улут катары тарыхый эс-тутумубузду жаңыртып, улуу мурас ээлеринин эрдигине таазим кылуучу ыйык күндөр. Бул күндөр ар бирибизди ата-бабаларыбыздын эркиндик жолундагы күрөшүн, Мекенге болгон ак ниет кызматын урматтоо менен эскерүүгө, өткөн тарыхтан сабак алууга жана бүгүнкү күндүн баасын билүүгө чакырат.
Кылымдардын катаал сыноолорунан өтүп, эл катары сакталып калган кыргыз эли өзүнүн мүнөзүнүн бекемдигин, туусуна болгон берилгендигин тастыктап келет. Эки миң жылдан ашуун тарыхка ээ болгон элибиз бүгүн өз алдынча мамлекет куруп, дүйнөлүк коомчулуктун тең укуктуу мүчөсү катары өнүгүү жолунда ишенимдүү кадам таштап келе жатканы – бул тарых алдындагы зор жетишкендик.
Ошол эле учурда бул жол гүлдөп өнүккөн доорлор менен гана эмес, кайгылуу жоготуулар жана трагедиялуу окуялар менен да коштолгон. Элдин биримдигин сактап, мамлекеттүүлүктү түптөө жана коргоо үчүн жанын аябай күрөшкөн, ысымы тарыхта ардактуу ат менен калган улуу инсандардын эрдиги – бүгүнкү эгемендүүлүктүн негизги таянычы болуп саналат.
Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү биз тоталитардык доордун караңгы мезгилинде курман болгон жана кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн пайдубалын түптөгөн көрүнүктүү инсандар түнөк тапкан Ата-Бейит мемориалдык жайына башыбызды иебиз. Абдыкадыр Орозбеков, Жусуп Абдрахманов, Абдыкерим Сыдыков, Ишенаалы Арабаев, Иманаалы Айдарбеков сыяктуу залкар инсандардын ысымдары кыргыз элинин эсинде түбөлүк сакталат. Алар – улуттун тагдырын өз тагдырынан жогору койгон, элинин келечеги үчүн өмүрүн арнаган азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн – Журт аталары. Алардын өмүр жолу – эркиндик, адилеттик жана элге берилгендиктин үлгүсү. Аларды эскерүү – бул жөн гана тарыхый иш-чара эмес, улуттук аң-сезимди чыңдоо, кийинки муунга тарыхый чындыкты жеткирүү жана мамлекеттүүлүккө болгон жоопкерчиликти тереңдетүү болуп саналат.
Кадырлуу мекендештер!
Бүгүн биз ата-бабалардын кан-жанын берип түптөгөн мамлекеттүүлүгүнүн жемишин көрүп жатабыз. Бул жетишкендик – эркиндикке умтулган муундардын кылымдар бою жүргүзгөн күрөшүнүн натыйжасы. Ошондуктан тарыхка кайрылуу – бул өткөнгө өкүнүү эмес, келечекке ишеним менен карап, андан сабак алуу.
Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүндө биз репрессия курмандыктарын гана эмес, акыркы жылдары чек арада Мекендин бүтүндүгүн сактоо үчүн курман болгон баатыр уул-кыздарыбызды да эскерүүгө тийишпиз. Алардын ысымдары – бүгүнкү тарыхыбыздын ажырагыс бөлүгү. Демек, бул күн – улуттук биримдикти бекемдөөгө, патриоттук духту чыңдоого жана тарыхый адилеттикти калыбына келтирүүгө багытталган күн.
Тарыхыбыздын алиге чейин жабык бойдон калган барактарын изилдөө, элдик баатырларды даңазалоо жана алардын идеяларын жаш муундарга жеткирүү – ар бирибиздин ыйык парзыбыз. Бул – мамлекеттүүлүктү чыңдоонун, коомду бириктирүү



