Борбордук шайлоо комиссиясы 6-ноябрда, Жогорку Кеңештин депутаттыгына көп мандаттуу №19 шайлоо округу боюнча өзүн-өзү талапкер катары көрсөткөн Тайчабаров Кудрет Мариповичти каттоодон баш тартуу чечимин кабыл алды.
Маалыматка ылайык, К.Тайчабаров №19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңешке талапкер кылып өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде шайлоого катышуу ниети жөнүндө арызды 2025-жылдын 27-октябрында КР БШКга тапшырган.
Жумушчу топтун отурумунда К.Тайчабаров Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерге коюлган мыйзамдагы талаптарга ылайык келбестиги аныкталып, Борбордук шайлоо комиссиясына аны талапкер катары каттоодон баш тартуу жөнүндө сунуш киргизилген.
КР Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 2025-жылдын 5-ноябрындагы маалымкатында жана 2025-жылдын 3-ноябрында жүргүзүлгөн иш-аракеттеринин жыйынтыгында К.Тайчабаров 2021-жылы Бишкек шаарындагы “Blonder Pub” аттуу кафе-барда уюшкан кылмыштуу топтун лидери катары белгилүү Камчы Асанбек (Камчы Көлбаев) менен бирге түшкөн сүрөттө чын эле өзү экенин 2025-жылдын 4-ноябрында тергөө алдындагы материалдар боюнча күбө катары сурак берүү учурунда тастыктаган.
Маалымкатта К.Тайчабаров кылмыштуу топтун лидери Камчы Асанбекке жакын байланышы бар болгондуктан, “уюшкан кылмыштуу тобуна тиешеси бар” деп КР Ички иштер министрлигинин ыкчам каттосуна коюлду, деп көрсөтүлгөн.
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 61-беренесинин 11-бөлүгүнө ылайык, эгерде адам уюшкан кылмыштуу топко, кылмыштуу коомдоштукка (кылмыштуу уюмга) же куралдуу топко (бандага) тиешеси бар адам катары алдын алуучу, ыкчам-алдын алуучу каттоодо турса же мурда турган болсо, талапкерди каттоодон баш тартууга негиз болуп саналат.
Кудрет Тайчабаров Камчы Көлбаев менен түшкөн сүрөтүнө байланыштуу түшүндүрмө берип, сүрөткө түшүүнү Көлбаев өзү сунуштаганын айткан.



