11 продукцияга «Нарын бренди» белгиси берилди. Мындай чечим облус жетекчисинин биринчи орун басары Руслан Сапарбековдун катышуусунда өткөн «Нарын бренд» комитетинин кезектеги жыйынында кабыл алынды.
Президенттин Нарын аймагындагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, жыйынга «Бир айыл — бир продукт» долбоорунун жетекчиси Акихиса Харагучи, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин KG RESILAND долбоорунун 2-компонентинин координатору Нурбек Жумалиев, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Нарын облусундагы программалык ассистенти Кундуз Курманбаева жана башка тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү, ишкерлер катышты.
Жыйында жергиликтүү ресурстарды колдонуу менен өндүрүлгөн 11 продукция тандалып алынып, “Нарын бренддинин” сертификаттары тапшырылды.
- Кремдүү топоз рагусу — Акматов Кубан;
- “Көчмөндөр” пиццасы — Торгоева Жибек;
- Сафлор майы — Менсетбек Жакшылыков;
- “Ак-Талаа” эрте жаздагы балы — Артыков Мамбеткалый;
- “Жумгал” эспарцет балы — Асейин уулу Нурдин;
- Кургатылган эт — Сайнидинов Стан;
- Алма кагы — Мамбеталиев Улук;
- “Кызыл туз” ооз чайкагычы- Кудайбергенов Улан;
- Сүзмө печеньеси — Нуракова Асел;
- Ышталган чучук — Казыбаев Максат.
Белгилей кетсек, иш-чаранын негизги максаты — аймактык бренддерди өнүктүрүү, жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоо жана алар чыгарган продукцияларга “Нарын бренди” соода белгисин ыйгаруу болуп саналат.



