7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Арыкбаев: Убагында Жапаров жакшы эле колдоду, ошол сыйга татыктуу болсо болмок

3

Журналист Кенжебек Арыкбаев Кудрет Тайчабаров тууралуу өз оюн социалдык тармактагы баракчаларына жазды.

Анын айтымында, Тайчабаровду өлкө башчы Садыр Жапаров убагында болушунча колдогон, бирок ал сыйды аягына чейин көтөрө алган эмес.

(Текст өзгөртүүсүз берилди)

Мен унчукпай деле койсом болмок, бирок, эки-үч күндөн бери ушу баланын айланасында өтө эле «ызы- чуу» болуп аткандан улам өз пикиримди таштоого аргасыз болдум.

Мындайда да, УЧУР ЧАКТАГЫ башкаруу доору кандай болуп атканы ал өзүнчө кеп. Бирок, чындыктын экинчи УЧУН да айта кетели да, анча болду. Мисалы, мен ошол чакта, азыр мамлекетибизди башкарып аткан адам ЧЫНДЫК издеп жүргөндө, а кишинин бир бөйрөгү жарактан чыккан бир тууган иниси менен муздак бөлмөдө ( эки самсы сатып жегенге мүмкүнчүлүгүбүз жетпей) гезит чыгарганыбызды, агасы Сабыр байке менен » Канткенде Кыргызстанда акыйкат орнойт?» — деген суроонун тегерегинде далай жолу эзилип, кыйналган учурду айтсам деле жарашмак. Бирок, антип «мен мындай кылдым эле» деп догуруна албайм, ал учур болду, кетти. Калганы аталган адамдардын абийринде(!)

Айтып койойун дегеним, кимдир бирөөлөргө жагат же жакпайт, бирок, УЛУУ КАЛЫСТЫК, (бабалар айткандай таба эмес, тобо!) мобу Тайчабаров деген жигит ушунчалык догурунуп атат…Чын! Бул бала менен жамандык , жакшылыгым деле жок. Бирок, бу балага убагында Садыр Жапаров болуп көрбөгөндөй аябагандай колдоо кылды, болушунча көтөрдү. Ошондой сыйга аягына чейин туруктуу болуп берсе болмок, бул улан. (Өзүн өзгөчө сезип алды окшойт, кыясы) Биз кыйналып жүргөндө бул баланын карааны да жок болчу дегеним).

Жыйынтык сөз, эч кимге жамандык деле каалабайм, бу баланын деле иши жакшы бүтсүн, бирок чындап келгенде бул бала ичкен кудугуна түкүргөндөй эле кылып атат. Мен бул баланын
«догурунуп» атканын эч туура көрбөйм.

Өзүңөр деле калыс болсоңор, кыска аралыкта эч ким күтпөгөн не деген гана кызматтарга отурбады. Кыскасы, утканды да, утулганды да эркек болгон соң эркекче кабыл алыш керек болчу. Бул менин жеке пикирим, Ошо!

4