Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого үгүт иштери башталды. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.
Маалым болгондой «КР президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» контитуциялык мыйзамга ылайык, шайлоо алдындагы үгүт бардык талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн башталып, добуш берүүгө 24 саат калганда токтойт.
Алдыдагы шайлоо мөөнөтүнөн мурда өткөрүлүп жаткандыктан, жалпы шайлоо процессинин мөөнөтү үчтөн бирге кыскартылган. Ошого ылайык, шайлоо алдындагы үгүт 20 күнгө уланат. Тактап айтканда, 2025-жылдын 10-ноябрынан 2025-жылдын 29-ноябры, саат 8:00гө чейин.
БШК мөөнөтүнөн мурда өтө турган шайлоого катышуу үчүн жалпы 467 талапкерди каттады, алардын 276 — эркектер, 191 – аялдар.
10-ноябрдан тартып талапкерлер, саясий партиялар жана башка кызыкдар жарандар шайлоочуларды белгилүү бир талапкерлер үчүн же аларга каршы добуш берүүгө үндөгөн, ошондой эле талапкерлердин шайлоо алдындагы программаларын эркин жана ар тараптуу талкуулоого багытталган ишмердүүлүктү жүргүзүүгө укуктуу.
Бул учурда негизги талап – үгүт иш-чараларынын бардык формалары жана ыкмалары шайлоо мыйзамдарынын талаптарына ылайык болушу керек.
Үгүттөө чогулуштарда, митингдерде, жалпыга маалымдоо каражаттары, ошондой эле интернет-басылмалары аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн. Шайлоо комиссиялары үгүт жүргүзүүнү жана шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүүнү камсыз кылууга тийиш.
Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үгүт жүргүзүү үчүн республикалык бюджет каражаттарынын эсебинен жолугушууларды өткөрүүнүн бардык талаптарына ылайык келген жайды, үгүт материалдарын илүү үчүн орундарды же аянттарды берүүгө тийиш.
Мыйзамга ылайык, төмөнкүлөр шайлоо алдындагы үгүт катары таанылат:
— тигил же бул талапкер үчүн добуш берүүгө же болбосо аларга каршы добуш берүүгө үндөөлөр;
— айрым талапкерлерге карата колдоону билдирүү;
— талапкерди шайлоонун же шайлабай коюунун мүмкүн болуучу кесепеттерин баяндап жазуу;
— талапкерлердин, алардын кесиптик иштерине же алардын өздөрүнүн кызматтык (кызмат орундук) милдеттерин аткарууларына байланышпаган ишмердиги жөнүндө маалыматтарды таратуу.
Талапкерлерге, саясий партияларга жалпыга маалымдоо каражаттарына жеткиликтүүлүктүн тең шарттарына кепилдик берилет.
Шайлоо алдындагы үгүттөө төмөнкүдөй жүзөгө ашырылышы мүмкүн:
— жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу;
— концерттерди, театралдаштырылган оюндарды жана спорттук иш-чараларды кошпогондо, ачык үгүт иш-чараларын (митингдер, чогулуштар, теледебаттар жана башкалар) өткөрүү аркылуу;
— басылма, көрмө-укма жана башка үгүт материалдарын чыгаруу жана таратуу жолу менен (үгүт материалдарын өлкөнүн аймагынан тышкары жерде даярдоого тыюу салынат, ар бир материалдын нускасы же көчүрмөсү БШКга тапшырылууга тийиш);
— конституциялык мыйзамда тыюу салынбаган башка тариздерде.
Төмөнкүлөргө үгүт жүргүзүүгө, кандай болбосун үгүт материалдарын чыгарууга жана таратууга тыюу салынат:
— мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчыларга;
— мамлекеттик саясий кызмат орундарын ээлеген адамдарга, Жогорку Кеңештин депутаттарын кошпогондо;
— атайын мамлекеттик жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарга, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кошпогондо;
— шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө;
— байкоочуларга, эл аралык байкоочуларга;
— диний ишмерлерге;
— кайрымдуулук иштери менен алектенишкен уюмдардын уюштуруучуларына жана мүчөлөрүнө;
— 18 жашка толо электерге;
— чет элдик жарандарга жана уюмдарга;
— жарандыгы жок адамдарга;
— аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун кызматкерлерине.
Кыргызстандын аймагында таратылуучу чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарында шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүгө тыюу салынат.
Шайлоо мезгилинде чет өлкөлүк теле жана радио программалар жазылып алынган түрүндө көрсөтүлөт.
Кандидаттардын жана саясий партиялардын ар-намысына, кадыр-баркына жана ишкердик беделине шек келтирген маалыматтарды камтыган теле жана радио программаларды алып көрсөтүүгө тыюу салынат. Мындай учурларда көрсөтүлгөн маалыматтарды тараткан жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары жоопкерчиликке тартылышат.
Каржылоону талап кылган шайлоо алдындагы үгүт иштерин талапкерлер, талапкерлерди көрсөткөн саясий партиялар менен макулдашуу боюнча жана алардын шайлоо фонддору аркылуу гана жүргүзүүгө уруксат берилет.



