7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандын делегациясы «Кытай – Борбор Азия 2025» курулуш конференциясына катышты

148

2025-жылдын 7-ноябрында Пекин шаарында «Кытай – Борбор Азия: Курулуш маселелери 2025» аттуу курулуш министрлеринин конференциясы болуп өттү.

Курулуш министрлигинен билдиришкендей, иш-чарага Кыргызстандын атынан курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев баштаган делегация мүчөлөрү катышты.

Конференциянын жүрүшүндө министр Нурдан Орунтаев энергияны үнөмдөөчү курулушту өнүктүрүүнүн, санариптик долбоорлоого өтүүнүн, объектилердин сейсмикалык туруктуулугун жогорулатуунун, ошондой эле жеткиликтүү жана ыңгайлуу шаардык чөйрөнү түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ал Кыргызстан үчүн индустриялык турак жай куруунун заманбап технологияларын киргизүү, квалификациялуу инженердик жана архитектуралык кадрларды даярдоо артыкчылыктуу экенин баса белгиледи.

Конференциянын алкагында Кыргыз Республикасынын курулуш министри Нурдан Орунтаевдин Кытай Эл Республикасынын турак жай, шаар жана айыл курулуш министри Ни Хун менен эки тараптуу жолугушуусу болду.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар сейсмикалык туруктуу жана энергияны кайра үнөмдөөчү курулуш жаатында тажрыйба алмашуу жана кадрларды даярдоо маселелерин карап чыкты. Ошондой эле туруктуу шаардык чөйрөнү өнүктүрүүдө, инновацияларды киргизүүдө жана жеткиликтүү турак жай куруудагы кызматташтыкты чыңдоо мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

149