7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандан Россияга 132 тонна буурчак жеткирилди

265

Кыргызстандан Россияга 130 тоннадан ашык буурчак жеткирилди. Бул тууралуу Ростов, Волгоград, Астрахань облустары жана Калмыкия Республикасы боюнча Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызмат (Россельхознадзор) билдирди.

Маалыматка ылайык, буурчак Россиянын Астрахань облусуна жеткирилген.

“Продукциянын карантиндик фитосанитардык абалын аныктоо үчүн көзөмөлдөө жана байкоо жүргүзүү чаралары жүргүзүлүп, натыйжада эки үлгү алынып, аккредитацияланган лабораторияга жөнөтүлдү. Карантиндик организмдер табылган жок. Бул жыйынтыктардын негизинде жүк өкүлдөрүнө карантиндик фитосанитардык текшерүү сертификаттары берилди. Көзөмөл жана байкоо жүргүзүү чаралары аяктагандан кийин, жүктөр алуучуларына жеткирилди”, — деп жазылат маалыматта.

266