7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка жолунун 76 км асфальтталып бүттү

16

Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка автожолунун 0–100-км аралыгындагы капиталдык оңдоо иштери уланууда. Учурда 76 км асфальттын алдыңкы катмары, 52 км үстүнкү катмары салынды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Мындан тышкары, 4 көпүрөнүн курулушу кызуу жүрүп жатат жана 65 суу өткөрүүчү түтүк орнотулуп бүттү. Калган тилкелерде жер негизин даярдоо, жол жээгин бекемдөө иштери аткарылууда.

Жолдун курулушу үчүн эки асфальт-бетон заводу орнотулуп, жыл башынан бери 180 жумушчу жана 90 даана атайын техника тартылган.

Белгилей кетсек, курулуш иштери мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланууда. Ала-Бука менен Чаткалды бириктирген бул жол IV категориядагы, эки тилкелүү жана 11,5 тонна жүк көтөрүмдүүлүгүнө ылайыкталган. Долбоордо жалпы 11 көпүрө жана 22 сел өткөрүүчү өтмөк курулушу каралган.

 

17