7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жибек Жолу проспектиндеги көпүрөнү реконструкциялоо иштери кызуу жүрүүдө

2

Жибек Жолу проспектиндеги көпүрөнү реконструкциялоо иштери кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Учурда батыш тарабындагы тирөөчтөрдүн курулушу толугу менен аяктап, чыгыш тарабында бетон куюу жана монтаждоо иштери уланууда.

Курулуштун биринчи этабынын алкагында көпүрөнү тургузуу үчүн алты устундук конструкция Бишкек шаарына алынып келинди.

Жаңы көпүрө мурдагыга салыштырмалуу бир топ кең жана ыңгайлуу болот — кыймыл тилкелери экиден алтыга чейин көбөйөт. Курулуштун узундугу 25 метрди, туурасы 34,3 метрди түзөт.

Эки жагынан тең жөө жүргүнчүлөр үчүн туурасы 3 метрден болгон тротуар  каралган, бул  коопсуз кыймылды камсыздайт.

Көпүрөнү реконструкциялоо — Бишкектин көчө-жол тармагын модернизациялоо жана кыймылдын коопсуздугун жогорулатуу программасынын маанилүү бөлүгү болуп саналат.

3