7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстанда батир бергендер салык төлөйт

31

Кыргызстанда батирди ижарага бергендер атайын салык төлөөгө милдеттүү. Бул тууралуу Салык кызматынын атайын салык режимин көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Исак Бекиев “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, батирди ижарага берүүчүлөр салык төлөш үчүн алгач салыктык каттоого турушу керек.

Каттоодон өткөн соң, жеке кабинети үчүн логин жана сырсөз (пароль) алат. Жеке кабинет аркылуу ар ай сайын патентин онлайн узартып турууга мүмкүнчүлүк бар.

Салыктын баалары аймактарга жараша айырмаланат. Алсак, Бишкек шаарында батирлерди ижарага берүү боюнча патенттин чени 1 чарчы метрине 30 сомду түзөт. Ал эми жеке турак жайлардын 1 чарчы метрине 40 сом.

32