7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түркияда «Додик» каймана аты менен УКТ мүчөсү кармалып, Кыргызстанга алып келинди

134

К.Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, мурда каракчылык үчүн соттолгон, 1984-жылы Жалал-Абад шаарында туулган, «Додик» каймана аты бар «М.Д.М.» аттуу КР жараны эл аралык издөөгө алынган жаран Түркиядан кармалып, Кыргызстанга алынып келинди. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, «М.Д.М.» жарандардын жер тилкелерин алдамчылык жол менен ээлеп алып, үчүнчү жактарга сатып жибергени аныкталган.

Мындан тышкары «М.Д.М.» уюшкан кылмыштуу топтун ишин каржылоо үчүн Манас шаарынын курулуш компанияларынын биринен батир алганы аныкталган.

КР УКМК кармалган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүнүн мыйзамсыз аракеттеринен жабыркаган тараптарды: WhatsApp – 0995 012210 ишеним номуру аркылуу кабарлоого чакырат.

135