7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

БУУнун штаб-квартирасында «Камбаркандын» күүлөрү жаңырды

29

БУУнун штаб-квартирасында фольклордук-этнографиялык «Камбаркан» ансамблинин концерти болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

«Тоолордон океандарга чейин» аттуу символикалык концерт БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча конференциясына арналды жана эл аралык коомчулукту тоо экосистемаларын жана океандарды коргоо үчүн биргелешкен аракеттерге чакырды.

Иш-чараны Кыргызстандын БУУдагы Туруктуу өкүлчүлүгү жана Тонга Падышалыгынын БУУдагы Туруктуу өкүлчүлүгү уюштурушту. Бул демилге ар башка табигый шарттарда жашаган тоолуу жана кичи арал мамлекеттеринин ортосундагы тилектештикти чагылдырды.

«Камбаркан» ансамблинин концерти Кыргызстандын маданиятын, табиятын жана уникалдуу биологиялык ар түрдүүлүгүн даңазалады. Анда комуз, ооз комуз жана башка улуттук аспаптардын мукам үндөрү, көчмөн элдин обондору жаңырды.

30