7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК: «Хизбут-Тахрир аль-Ислами» ДЭУнун мүчөлөрү кармалды

21

Баткен облусунда «Хизбут-Тахрир аль-Ислами» ДЭУнун мүчөлөрү кармалды, алардын айрымдары мурда экстремисттик ишмердүүлүк үчүн сот жообуна тартылган. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, төмөнкү КР жарандары: 1980-жылы туулган Б.Р.К., 1990-жылы туулган Ж.И.И., 1978-жылы туулган И.М.А., 1980-жылы туулган Д.У.Х., 1986-жылы туулган Б.Ж.Ж., 1989-жылы туулган М.Т.Б., 1991-жылы туулган М.О.А., 1978-жылы туулган М.Н.М.,1989-жылы туулган М.Т.К., 1991-жылы туулган А.у.А. жана Кадамжай районунун Үч-Коргон айылынын жана Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын башка тургундары тыюу салынган экстремисттик адабияттарды изилдеп, «Хизбут-Тахрир аль-Ислами» диний уюмунун жабылган Telegram каналдарына катталып, Кыргыз Республикасынын аймагында халифат түзүү маселесин талкуулап, «Хизбут-Тахрир аль-Ислами» ДЭУнун идеологиясын өнүктүрүүнү улантышкандыгы аныкталган.

Объекттердин жашаган жери боюнча санкцияланган тинтүү иш — чараларынын жүрүшүндө «Хизбут-Тахрир аль-Ислами» ДЭУнун тыюу салынган адабияты, ошондой эле көптөгөн диний адабияттар,электрондук алып жүрүүчүлөр, ноутбуктар, флеш-карталар, уюлдук телефондор жана дисктер табылган.

КР УКМК тарабынан тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда

22