7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткенде 28 млн сомдук малды мыйзамсыз өткөрүүгө аракет кылган

10

Баткенде 28 млн сомдук малды чек арадан мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 1-ноябрында Баткен районунун Кара-Бак айылынын аймагында Баткен ОИИБдин Бангизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери “Вольво” үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунааны токтотушкан. Текшерүү учурунда унаада 35 баш бодо мал бар экени жана аларды чек арадан мыйзамсыз өткөрүүгө аракет көрүлүп жаткандыгы аныкталган.

Тергөө учурунда Бишкек шаарынын 36 жаштагы тургуну М.К. кошуна мамлекеттин жараны менен алдын ала сүйлөшүп, малды мыйзамсыз өткөрүү боюнча план түзгөнү, ал үчүн айдоочуларды жалдаганы белгилүү болду. Бул малдарды Лейлек району аркылуу алып өтүү аракеттери милициянын ыкчам аракети менен токтотулду. Малдын жалпы баасы 28 млн сомду түзгөн.

Жаран убактылуу кармоо жайына киргизилди.

11