7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чүйдө баңгизаттарды мыйзамсыз даярдап, сатууга шектелген чет өлкөлүк жаран кармалды 

255

Чүй облусунда өзгөчө ири өлчөмдө баңгизаттарды мыйзамсыз даярдап, сатканга шектелген чет өлкөлүк жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 11-ноябрында Ново-Покровка-Чоң-Далы автожолунда, БЧКнын жанында 2002-жылы туулган М.М.Х. атту чет өлкөлүк жаран токтотулган. Текшерүү учурунда кара түстөгү баштыктын ичинен өзгөчө жыт чыккан күрөң түстөгү 24 даана резина капсулалары табылган. Алынган заттын жалпы салмагы 116,1 граммды түзгөн.

Соттук-химиялык экспертизанын жыйынтыгында анын курамында никотин жана MDMB(N) психотроптук заты бар экени аныкталган.

Бул факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

256