7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Дүйшөн Омуралиевге “Ардактуу архитектор” төш белгиси ыйгарылды

229

Дүйшөн Омуралиевге “Ардактуу архитектор” төш белгиси ыйгарылды. Буйрукка Курулуш министри Нурдан Орунтаев кол койгон.

Белгилүү болгондой, төш белгини министрдин биринчи орун басары Самат Джантелиев тапшырып, ардагердин көп жылдык талыкпаган эмгегин жана курулуш тармагына кошкон зор салымын белгиледи.

Дүйшөн Омуралиев ардагер архитектор, профессор, шаар куруу жана архитектура тармагындагы ири долбоорлордун автору, ошондой эле архитектура тармагындагы көп жылдык эмгеги бар мугалим. Алсак, “Ак-Өргө” конушу, Таластагы тарыхый-мемориалдык комплекс, Бишкек шаарындагы “Манас айылы” этномаданий жана ландшафттык комплекси Дүйшөн Өмүралиевдин долбоорунун негизинде курулган.

Өзүнүн эмгек жолунда бир нече мамлекеттик сыйлыктарга ээ болгон. Эл аралык архитекторлор союзунун Гран-приси, Мамкурулуштун Ардак грамотасы жана Кыргыз Респуликасынын Президентинин Ардак грамотасы ж. б.

Курулуш министрлиги тарабынан тапшырылган бул төш белги анын көп жылдык үзүрлүү эмгегинин жана тармактын өнүгүшүнө кошкон салымынын жогорку баасы.

230