7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Улуттук «Манас Ордо» комплексин реконструкциялоого старт берди

18

Өлкө башчысы Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Улуттук «Манас Ордо„ комплексин реконструкциялоо иштерине Мезгил кутусун салды.

Кыргыз улуттук «Манас Ордо» комплексинде ири масштабдагы реконструкция иштери жүрүүдө. Муну менен бул жайды, уникалдуу маданий жана заманбап технологиялык борборго айлантуу максаты колго алынган.

Манас Ордого киргенде эле дарбазанын сол тарабына түлөөкана салынууда.

Ошондой эле Конгресс Холл курулуп узундугу 50, туурасы 27 метр болгон чоң жана кенен жыйын залы курулат.

Курултай залынын тушундагы алма бактын арасына “Кербен көчү” обьектиси түшөт. Ал заманбап 5 мейман үйү менен дагы бир жыйындар залын камтыйт.

Реконструкция иштеринин алкагында жалпы аянты 1000 чарчы метрлик эки кабаттуу административдик имараттын курулушу да каралган.

Ошондой эле Ордого караштуу 3 миң орундуу ат майдан толук оңдоодон өтөт. Орундуктардын саны дагы 2 миңге көбөёт. Ага удаа эле Кароол Дөбөгө чыкчу жол жана чокудагы аянтча да көрктөндүрүлөт.

Бул жаңылануунун алкагында комплекс санариптештирилип, жаңы музейде голограммалык залдар жана интерактивдүү экспозициялар орун алат. «Манас» эпосунун негизги окуялары жасалма интеллекттин жардамы менен жандандырылып көрсөтүлөт. Комплексте коопсуздукка да маани берилип, видеобайкоо системасы орнотулат. Бул реконструкциялоо, аймак үчүн маданий гана эмес, экономикалык жактан да мааниге ээ. Анткени жыл бою зыяратчылардын агымы үзүлбөгөн Манас ордо комплекси толук оңдоодон өткөн соң кирешесинин да кыйла өсүшү күтүлүүдө.

19