7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан 2021-жылы түзүлгөн Казакстандагы карызын толук кутулуп бүттү

12

Кыргызстан 2021-жылы түзүлгөн электр энергиясын алмашуу боюнча Казакстанга болгон карызын толугу менен төлөп бүтүп, жаңы келишимдерди ишке ашыра баштады. Бул тууралуу Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев маалымат жыйынында билдирди.

«Келишим боюнча биз карызды 2023-жылы төлөшүбүз керек болчу. Тактап айтканда, 2021-жылы 900 миллион киловатт-саат алсак, ошол эле жылы 300 миллионду бергенбиз. Дагы 300 миллиону 2022-жылы, 54,4 миллиону 2022-жылы, 54,4 миллиону 2042-жылы берилген. Ал эми 2025-жылы 161,1 миллион киловатт-саат электр энергиясын бердик, башкача айтканда, карыз толугу менен жабылды», — деди министр.

Башкармалыктын башчысынын айтымында, учурда тараптар электр энергиясын өз ара жеткирүү боюнча жаңы келишимдерди ишке ашырууда. Кыргызстан Казакстанга жайкысын электр энергиясын берсе, Казакстан кышкысын кайтарып берет.

«Биз аларга 132 миллион 700 миң киловатт-саат беребиз, алар 175 миллион 510 миң киловатт-саатты кайтарып беришет. Биз 1,3 коэффициентти ар бир киловатт үчүн 30 пайызга өстүрөбүз», — деп белгиледи Таалайбек Ибраев.

13