7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Салык кызматы ишкерлер менен жолугуп, өзгөртүү кирген мыйзамдарды талкуулашты

7

Мамлекеттик салык кызматында ишкерлер жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен салык мыйзамдарындагы акыркы өзгөртүүлөр боюнча жолугушуу болуп өттү.

Иш-чара салык мыйзамдарындагы өзгөртүүлөрдү, салыктык башкарууну санариптештирүү жана бизнес жүргүзүү шарттарын жакшыртуу маселелерин талкуулоо максатында уюштурулду.

Жолугушууга Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов, төраганын орун басары Кубанычбек Ысабеков, башкармалыктардын жетекчилери жана тиешелүү түзүмдөрдүн адистери катышты.

Алмамбет Шыкмаматов салык мыйзамдарына киргизилип жаткан бардык өзгөртүүлөрдүн негизги максаты — бизнес үчүн жөнөкөй, ачык жана түшүнүктүү шарттарды түзүү, административдик жүктү азайтуу жана ак ниет салык төлөөчүлөрдү колдоо экендигин белгиледи.

«Кабыл алынган бардык өзгөртүүлөр бизнестин ишин жеңилдетүү жана ишкердикти өнүктүрүү максатын көздөйт. Мамлекеттик салык кызматы ачык диалогго жана пайда болгон маселелерди бизнес менен биргеликте чечүүгө даяр», — деп баса белгиледи Салык кызматынын төрагасы.

Төраганын орун басары Кубанычбек Ысабеков толук баяндама жасап, салык мыйзамдарындагы негизги өзгөртүүлөр, электрондук транзакцияларды киргизүү, салык жол-жоболорун санариптештирүү жөнүндө маалымат берди.

Ал көрүлүп жаткан чаралар эсептөөлөрдүн ачыктыгын жогорулатууга, өзгөчө чакан жана орто бизнес үчүн салык жол жоболорун оптималдаштырууга жана санариптик инфраструктураны салык салуу чөйрөсүндө андан ары өнүктүрүүгө багытталгандыгын маалымдады.

Жолугушуу ачык диалог форматында өтүп, ишкерлер салык саясатын өркүндөтүү боюнча суроолорун берип, сунуштарын киргизүүгө жана өз демилгелери менен бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

Иш-чарага жеткирүүчүлөр ассоциацияларынын, базарлардын, кызмат көрсөтүү ишканаларынын, салык консультанттарынын, агроөнөр жай комплексинин, тигүүчүлөрдүн, зергерлердин, ошондой эле банктардын, байланыш операторлорунун жана өнөр жай ишканаларынын өкүлдөрү катышты.

Эске салсак, Мамлекеттик салык кызматы мамлекеттик органдар менен бизнес-коомчулуктун ортосунда өз ара ишенимди жана натыйжалуу өнөктөштүктү бекемдөөнү камсыз кылуу менен мындай жолугушууларды

 

8