7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкек мэри көңүл ачуучу жана тамактануучу жайларга рейд жүргүздү (ВИДЕО)

293

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин билдирүүсүнөн кийин рейд өткөрдү.

Белгилей кетсек, мындан ары тамактануучу жана көңүл ачуучу жайлар саат 22:00гө чейин жабылышы шарт.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев 13-ноябрь күнү кечинде Октябрь районундагы коомдук тамактануу жайларын кыдырып, электр энергиясын үнөмдөө жана саат 22:00дөн кийин «Тынчтык мыйзамынын» сакталуусун текшерди.

Мэриянын маалыматына ылайык, биринчи текшерилген объект катары борбордогу белгилүү ресторандардын бири тандалган. Анда мэр мекеменин администрациясы менен жолугуп, иш-чараларды өз убагында аяктоо жана электр энергиясын үнөмдөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Мэрия ошондой эле, мындай рейддер жакынкы күндөрү Бишкектин башка райондорунда да улантыларын билдирди.

Рейддин толук чыгарылышын алдыда көрө аласыздар.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

294