7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эттин баасы 640 сом. Баткенде айыл чарба жарманкеси өтүүдө

29

Бүгүн, 14-ноябрда  Баткен районунда ири айыл чарба жарманкеси өтүп жатат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жарманкенин негизги максаты — калкты жеткиликтүү жана сапаттуу азык-түлүк менен камсыз кылуу, ошондой эле жергиликтүү фермерлерге өз продукцияларын түз сатууга шарт түзүү. Иш-чарада айыл чарбасына тиешелүү товарлар кеңири ассортиментте базар баасынан бир топ төмөн баада сунушталууда.

“Уй этине болгон баа бүгүн 640 сомдон коюлуп, эл тарабынан чоң суроо-талап жаратууда. Мындан тышкары жарманкеде төмөнкү азыктар арзандатылган баада сатылууда:

  •  Ун, буудай, шекер;
  •  Жашылча-жемиштер;
  • Кургатылган жана кайра иштетилген азыктар;
  • Көмүр кабы 250 сом;

Чарба продукциясынын башка түрлөрү министрликтин билдирүүсүндө, мындай жарманкелер кышкы мезгилге даярдык жана баанын турукташуусун камсыздоо максатында өлкөнүн бардык аймактарында шарт түзүү улантылары белгиленет”, — деп жазылат маалыматта.

 

30