7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аскер комиссариаттарынын 3 кызматкери пара алууга шектелүүдө

177

Аскер прокуратурасы УКМК менен бирге Ош жана Манас шаарларынын аскер комиссариаттарынын кызматкерлерин камакка алды. Алар пара алуу жана опузалоо боюнча айыпталууда.

Маалыматка ылайык, 13-ноябрда Аскер прокуратурасы тарабынан УКМКнын кызматкерлеринин ыкчам коштоосунда Ош жана Манас шаардык аскер комиссариаттарынын үч кызматкери камакка алынды. Алар Кылмыш-жаза кодексинин «Пара алуу» жана «Опузалап пара алуу» беренелери боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында кармалды.

Учурда аскер прокуратура органдары тарабынан кылмышка тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоо максатында тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

178