7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Талант Султанов: Өлкөгө келген ар бир дары тиешелүү текшерүүдөн өткөрүлөт

22

Өлкөгө алып келинген ар бир дары-дармек тиешелүү текшерүүдөн өткөрүлүп, бардык талаптарга жооп бергенден кийин гана таратылат. Бул тууралуу “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасынын директору Талант Султанов “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, дары-дармектин сапаты түздөн-түз жарандардын ден соолугуна таасир этет. Мындан улам катуу көзөмөл талап кылынат.

“Өлкөгө кирген ар бир дары сөзсүз текшерилет. Бул үчүн атайын түзүлгөн Дары-дармектер жана медициналык техника департаменти иш алып барат. Алар дарынын клиникалык практикада колдонулушун, сапатын, сертификаттарын жана документтерин кылдат текшеришет. Бардык талаптарга жооп бергенден кийин гана дары катталып, рынокко чыгарылат”, — деди Султанов.

Ал кошумчалагандай, бул механизм элдин саламаттыгын коргоодо негизги роль ойнойт жана дары-дармектердин коопсуздугун камсыз кылат.

23