7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине “бөрк ал десе — баш албагыла” деп катуу эскертти

24

Садыр Жапаров жетекчилер, айрыкча Бишкек жана Ош шаарынын мэрлери электр энергиясын үнөмдөө жана “Тынчтык мыйзамын” камсыздоо боюнча тапшырманы “бөрк ал десе — баш алгандай”  ашкере аткарып жиберипсиңер»-, деп  14-ноябрда өзүнүн Фейсбуктагы расмий баракчасына жазды.

“Элдин тынчтыгын бузуп, спирт ичимдиктерин ичип алып ызы-чуу салгандар чогулган түнкү клубдарды, ошондой эле түн бир оокумга чейин созулуп, 200дөн 800гө чейин киши чогулган тойканаларды иреттеп, мыйзамдын чегинде көзөмөлдөөнү тапшырганбыз. Ал эми силер болсо тамактануучу кафелерди, KFC сыяктуу тез татым жайларын да жаап, тынч отурган элди кубалап чыгарууга чейин барыпсыңар. Рейд маалында бизнес ээлерине орой мамиле жасап, жарыгын өчүрүп, суусун токтотууга тапшырма берипсиңер! Мындай кылбагыла, токтоткула андай аша чапканды!”Ал эми тынч иштеп жаткан кичи жайларга барып, алардын тынчын алчу болбогула!», — деди мамлекет башчы.

Биринчи кезекте электр жарыгын үнөмдүү пайдаланбай “мамлекет төлөйт да” деген кайдыгер жетекчилерге, түнү бою жарыгын күйгүзүп таштап кеткен мамлекеттик ишканалардын имараттарын көзөмөлгө алууга чакырды.

 УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 13-ноябрда элге кайрылуусунда “Тынчтык жөнүндө” мыйзам аткарылбай жатканын айтып, саат 22:00дөн таңкы 7:00гө чейин кафе-ресторандар менен оюн-зоок жайлары ишин токтотушу керектигин билдирип, жергиликтүү бийлик иштебей жатканын айткан. Атайын кызматтын жетекчиси президенттин облустардагы өкүлдөрүнө, мэрлерге, район акимдерине кайрылып, талапты аткарбагандардын жарыгын өчүрүп коюуга чакырган.

13-ноябрдын кечинде Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери кафе-ресторандар менен оюн-зоок жайларын текшерип, түнкү саат 22:00дөн кийин электр энергиясын өчүрүү талабын коюшту. Ушундай эле рейддер бир катар облустарда да жүрдү.

Эки шаардын мэриялары бул ишти кыш мезгилинде электр жарыгын үнөмдөө жана “Тынчтык жөнүндө” мыйзамдын талаптарын аткаруу менен байланыштырып жатышат.

“Тынчтык жөнүндө” мыйзамда жумуш күндөрү саат 22:00дөн 7:00гө чейин, дем алыш жана майрам күндөрү саат 22:00дөн 9:00гө чейин үн басымынын жана ызы-чуунун белгиленген деңгээлинен ашууга жол берилбей турганы жазылган.

Быйыл Токтогул суу сактагычында суу аз топтолуп, электр жарыгын колдонууга чектөөлөр коюлду.

Ноябрдын башынан тартып Кыргызстанда калк үчүн электр энергиясынын кубаттуулугуна чектөө киргизилген.

6-ноябрда электр энергиясын сарамжал пайдалануу чарасы мамлекеттик мекемелерге да киргизилген. Ага ылайык, бул мекемелер саат 18:00дөн 06:00 аралыгында жарыкты жана электр шаймандарын иштетүүнү чектейт.

25