7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кант шаары жаштардын жана спорттун борбору – мэр

16

Кант шаарынын мэри Улан Майлибашев «Кабар подкаст» берүүсүнө жасалып жаткан иштердин жыйынтыгын жана шаарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү жөнүндө айтып берди.

Анын айтымында, Кант советтер союзу учурунан бери эле өлкөнүн өнөр жай борборлорунун катарына кирип, учурда туруктуу экономикалык көрсөткүчтөрдү сактап келүүдө. «Ошондой эле бизде спорт тармагында жакшы натыйжалар бар. Кантта футболчулар жана футбол аянтчалары дагы абдан көп. Футбол боюнча турнирлердин, муундар аралык оюндардын жана машыгуулардын көбү дал ушул жерде өтөт. Мындан тышкары, волейбол, баскетбол, бий жана башка спорттун түрлөрү да жигердүү өнүгүп жатат», — деп белгиледи.

Ал Кантты жаштар шаары деп атоого болорун, бир эле жогорку окуу жайында 5,5 миңден ашык студент билим аларын, ал эми шаарда эки университет бар экенин белгиледи.

Майлыбашевдин айтымында, Кантта чет элдик студенттер дагы көп окуйт, бул шаарды ого бетер динамикалуу жана интернационалдуу кылат.

17