7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Дайырбек Орунбеков Кытай жарандарынын катышуусундагы окуяга комментарий берди

14

Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Кытай жарандарынын катышуусундагы окуя боюнча пикирин билдирди.

Анын айтымында, кечээ жакында курулуш багытында келип иштеп жаткан кытайлык жарандар менен кыргыз жарандары уруша кетишкен. Алар, курулуш багытында кум-шагыл ташыган унааларды башкарып жүрүп, жол талаша кетиптир.

Орунбеков белгиленгендей, окуяга катышкан кытай жарандарынын өздүгү такталып, укук коргоо органдары иш жүргүзүп жатат.

«Мына ушул окуяны чагымчылдар жеке кызыкчылыгына пайдаланып, “кокуй кытай каптап кетти, мына бизди уруп-сабап баштады”-деп улут аралык кастык жараткан пикирлерди таратып жатышат.

Эми адам бар жерде уруш-талаш боло берет экен, адамдын табияты ошол. Ал улутка же рассага карабайт. Мисалы, биздин 1,5 миллиондон ашык кыргызстандык жарандарыбыз деле башка өлкөлөрдө иштеп жүрөт, биздеги кытайдар сыяктуу. Алар деле кээде урушуп, жанжалдаша кеткен окуяларга туш болушат. Андыктан чагымчылдарга азгырылбагыла.

Эми “кытайлар басып кетти” дегендерге жооп.

Ооба, бизде курулуш иштери көп жүрүп жатат. Жумушчулар тартыш, ошого байланыштуу кытайдан убактылуу келип иштегендер бар.

Дагы бир негизгиси, бизде Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу башталган. Ал багытта дагы кытай жумушчулары иштеп жүрүшөт. Себеби, кытай технологиясы менен жүргүзүлгөн курулуштарга кытай адистери тартылууда.

Кытай жарандары үчүн виза режими бар, визасы бүткөндө чыгып кетишет. Ал эми окуяны ашыра жазып, чагымчыл кылып жаткандар өлкөгө өнүгүү жана тынчтык каалабагандар.

Мыйзам иштейт, ким экенине карабай, жарандыгына карабай, Кыргызстандын мыйзамын бузса — ал тийешелүү жазасын алат.

Ал эми Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу бүтсө, мамлекетибиз жылына 500 млн доллардан ашык кирешелерди табат. Бул Кумтөрдүн кирешеси менен бирдей эле болуп калат. Алтынды казсаң түгөнөт, ал эми темир жолдун келечеги түбөлүк, кирешеси дагы түбөлүк. Эң башкысы тупик өлкө болбой, дүйнөгө, дениз жолдоруна чыгабыз. Азыр дүйнөгө чыгуу мүмкүнчүлүктөрүбүз унаа жол аркылуу, көз карандыбыз.

Андыктан, чагымчылдык кылып, “Кыргызстан темир жолун курбай калса, тупикте жашап, көз каранды эле болуп отура берсе”-деген күчтөрдүн чырагына май тамызбай, кенен ойлонуп, келечекти карайлы туугандар!», — деп жазды ал.

15