7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Ташкенттеги Ислам цивилизациясы борборуна барды

12

Президент Садыр Жапаров Өзбекстан Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Ташкент шаарындагы Ислам цивилизациясы борборуна барды.

Комплекстин ишмердүүлүгү жана музей экспозициясы менен таанышуу Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын жетинчи консультативдик жолугушуусунун алдында өттү.

Аймактын лидерлерине ислам илиминин, маданиятынын жана агартуусунун өнүгүшүнө Борбор Азия элдеринин көп кылымдык салымын чагылдырган кол жазмалардын, артефакттардын жана уникалдуу экспонаттардын бай коллекциясы тааныштырылды.

Таанышуунун жүрүшүндө Ислам цивилизациясынын борборунун тарыхый булактарды, руханий мурасты жана заманбап изилдөөлөрдү бириктирген илимий-билим берүү жана маданий борбор катары маанилүү ролу баса белгиленди.

Азербайжан, Казакстан жана Тажикстандын лидерлери менен бирге Президент Садыр Жапаров Ыйык Куран залын көрүп чыкты, ал жерде Усмандын Мусхафы — ислам дүйнөсүндөгү эң байыркы жана эң ыйык кол жазмалардын бири сакталат.

Мамлекет башчыларына ошондой эле исламга чейинки цивилизацияларга, Биринчи жана Экинчи Ренессанс доорлоруна жана аймактын улуу ойчулдарынын бай руханий жана илимий мурасын жана ар кандай тарыхый династиялардын сейрек кездешүүчү кол жазма басылмаларын көрсөткөн кайра жаралуунун азыркы этабына арналган бөлүмдөр тартууланды.

Иш-чаранын соңунда «Келечек мурасы» эл аралык сыйлыгын тапшыруу аземи болуп өттү.

«Адабият» номинациясында ТҮРКСОЙдун Башкы катчысы, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Султан Раев жогорку сыйлыкка татыктуу болду.

«Келечек мурасы» сыйлыгы адабият, маданият, искусство, илим, билим берүү жана санариптик технологиялар тармагынын өнүгүшүнө зор салым кошкон ишмерлерди колдоого жана сыйлоого багытталган.

13