7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон иш сапары аяктады

149

Садыр Жапаровдун 15-16-ноябрда Өзбекстан Республикасына болгон иш сапары аяктады. Сапардын биринчи күнүндө Мамлекет башчысы Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Тараптар кыргыз-өзбек кызматташтыгын мындан ары да чыңдоо маселелерин талкуулашты, анын ичинде саясий диалогду өнүктүрүү, соода-экономикалык байланыштарды чыңдоо, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы ишеним жана ынак коңшулук мамилелерди бекемдеген маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүү маселелери каралды.

Андан соң Садыр Жапаров Ташкент шаарындагы Ислам цивилизациясы борборуна барды. Региондун лидерлерине ислам илиминин, маданиятынын жана агартуусунун өнүгүшүнө Борбордук Азия элдеринин көп кылымдык салымын чагылдырган кол жазмалардын, артефакттардын жана уникалдуу экспонаттардын бай коллекциясы тааныштырылды. Мамлекет башчысы сапардын экинчи күнүндө Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын жетинчи консультативдик жолугушуусуна катышып, сөз сүйлөдү.

Ал чөлкөмдө ишенимди жана биримдикти чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, Борбор Азия өлкөлөрүнүн эл аралык аянтчалардагы позицияларын координациялоо зарылдыгын белгиледи. Президент транспорттук инфраструктурага токтолуп, «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолун жана башка транзиттик долбоорлорду куруунун стратегиялык маанисин баса көрсөтүп, ошондой эле ташууларды жөнөкөйлөтүү үчүн бирдиктүү электрондук платформа түзүүнү сунуштады.

Андан соң мамлекет башчылар бир катар көп тараптуу документтерге, анын ичинде Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын БУУнун мүчө-мамлекеттерине Кыргыз Республикасынын БУУнун Коопсуздук кеңешинин 2027-2028-жылдарга туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлиги боюнча кайрылуусуна кол коюшту. Өзбекстанга болгон иш сапарын аяктаган соң, Президент Садыр Жапаров 16-ноябрда Бишкек шаарына кайтып келди.

150